• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Бишкек шаарынын тургунуна милицияга каршылык көрсөткөндүгү үчүн кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Бишкек шаарынын тургунуна милицияга каршылык көрсөткөндүгү үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Свердлов районунун дежурдук бөлүгүнө “102” кызматынан Чүй проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн батиринин биринде ызы-чуу угулуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

“20:00 чамасында окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИБ №10 ШМБ кызматкерлери келген. Миллиционерлер келгенде 20-25 жаштагы белгисиз адам мас абалында чатак чыгарып жатканы аныкталган. Кызматкерлердин тынчтануу өтүнүчүнө терезеден секирип кетем деп, жаман сөздөрдү айтып, физикалык каршылык көрсөткөн. Натыйжада, миллиционерлер чуу чыгарган адамды кармап, жакынкы ИИБ бөлүмүнө жеткиришкен”, - дешти ИИМден.

Бул факт боюнча КР ККнын 3-беренесине ылайык (бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон бейбаштык) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Белгилей кетсек, бул берене боюнча 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Бишкек шаарынын тургуну – айыпталуучу 20 жаштагы К.А.га карата №1 тергөө абагына камакка алуу бүтүмү чыгарылды. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий