• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Бишкек жана Чүйдүн аймагында тартип бузуулардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ар кандай багыттагы тартип бузуулардын болтурбоо максатында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында атайын комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында криминалдык кырдаал толугу менен кылдат иликтенип, тартип бузуулардын алдын алуу, издөөдө жүргөн кылмышка шектүүлөрдү кармоо, башка региондордон жана башка мамлекеттер тарабынан издөөгө алынган ыкчам маалыматтар менен иштөө, социалдык терс көрүнүштөрдү жараткан жашаган жери жок адамдардын, кайырчылардын укук тартибин бузбашын көзөмөлгө алуу, айрым бир шек жараткан обьектилерди да текшерүү жана милицияда каттоодо турган жарандар менен коомдук тартипти сактоо багытында иш жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө укук тартибин бузгандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий