• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Бишкек жана Ысык-Көлдө 4 кг гашиш жана 32 кг марихуана каражаты алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкек жана Ысык-Көл облусунда 4 кг гашиш жана 32 кг марихуана каражаты алынды. Бул тууралу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясындагы) 267-беренеси (“Сатуу максатын көздөп баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо”) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймактарында иштеп жаткан баңгизат каналга бөгөт коюлган.

“28-октябрда Бишкектин Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде К.К. аттуу жарандан гашиш баңгизат каражатын көзөмөлдөп сатып алуу жүргүзүлгөн.

Андан ары Каракол шаарында гашиш баңгизат каражатын сатуу учурунда буга чейин Бишкекте баңгизаттарды сатуу менен алектенген 50 жаштагы К.К., 51 жаштагы Б.Д. жана 53 жаштагы К.Т. аттуу жарандар кармалып, төрт кг ашуун гашиш баңгизат каражаты алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, кармалган К.Т. жана Б.Д. аттуу жарандардын жашап келген Ак-Суу району, Боз-Учук айылы боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда алты кап жана бир баштык марихуана жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар аныкталып, алынган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизаттардын жалпы салмагы: гашиш - 4 кг ашуун, кургатылган марихуана – 32 кг ашуун, каннабис баңгизаттарды камтыган өсүмдүк (кара куурай) 500 гр жакын салмакты түзгөн.

Кармалган К.Т. жана Б.Д. аттуу жарандар тергөө изоляторуна киргизилген.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий