• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: Бишкекте акча алмаштыруу жайынан акча уурдаган 27 жаштагы шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бишкекте акча алмаштыруу жайынан акча уурдаган 27 жаштагы шектүү жигит кармалганын Ички иштер министрилигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 13:00дө Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция бөлүмүнө арыз менен 1967-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 12:40та акча алмаштыруу жайынын кызматкерине карата электрошокерди пайдаланып, 10 миң АКШ долларына жакын акча каражатып ээлеп алган болжол менен 30-35 жаштардагы азият түспөлүндөгү белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруу жайында акчаны алмаштырган кардар катары кирип, анан жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кызматкер шектүүнү көчөгө чыгууга жардам берген. Ошол учурда кызматкер кайра акча алмаштыруучу бюрого кирип бара жатканда шектүү моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 миң АКШ долларына жакын акча каражатын алып, изин жашырып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында гана аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу кармалган.

Пикир

Оставить комментарий