• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Бишкекте кримавторитеттин мамлекеттик издөөдө жүргөн жакын тууганы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Бишкекте кримавторитеттин мамлекеттик издөөдө жүргөн жакын тууганы кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери жөнүндө маалымат алышкан. Аны кармоо максатында ИИМдин үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкекте Чолпон-Ата шаарынын 1988-жылы туулган А.Р. аттуу тургуну кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Айтылган жаран бир катар кылмыштарды жасагандыгы, анын ичинде алдамчылык аракеттери үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

ИИМдин маалыматына таянсак, кармалган жаран кримавторитет Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы.

"2016-жылдын жаз айларында А.Р. Бишкек шаарынын жашоочусунун ишенимине кирип, анын “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп
алып, үчүнчү жактарга сатып жиберип, 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык чыгым келтирген. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ага издөө жарыялаган", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы кармалган жаранды Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына өткөрүп беришти.

Учурда анын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу такталууда. Кармалган адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына
киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий