• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Бишкекте түнкүсүн көчөдө жүргөн 10 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Бишкекте 21-22-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан "Камкордук" аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын негизинде коомдук жайларда жүргөн 10 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чаранын максаты жашы жете электердин арасындагы көзөмөлсүз жана кароосуз калууларын эскертүү, жашоо-шарты оор абалда жүргөн балдарды аныктоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрү, кичи базар, автобекет, темир жол автобекети, компьютердик клуб жана башка коомдук жайлар текшерилди.

"Укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан улуулардын коштоосу жок түнкү маалда коомдук жайларда жүргөн 10 жашы жете элек өспүрүм, анын ичинен 8 бала, 2 кыз аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

8 жашы жете элек өспүрүмдүн ата-энеси такталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми 2 жашы жете элек өспүрүм ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий