• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ Бишкекте зомбулукка кабылды делген Бангладеш жарандары боюнча билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги Бишкекте зомбулукка кабылды делген Бангладеш жарандары боюнча билдирүү таратты.

Ага ылайык, 2022-жылдын 2-мартында ИИМдин Тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну арыз жазып кайрылган. Анда Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде Бангладеш Республикасынын жарандарын жергиликтүү бир тургун мыйзамсыз кулчулукта кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуп, уруп тигүү цехинде иштетип жүргөнү үчүн мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Жогорудагы факты 2022-жылдын 2-мартында КР ИИМде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө Бангладеш Республикасынын жарандары котормочунун катышуусунда суралды жана Бангладеш Республикасынын 14 жараны Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн короосуна салынган тигүү цехинде иштеп, жашап жаткандыгы аныкталган. Жогорудагы тигүү цехинде “Али и Агзама” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу иштешкен жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө уруксат документтери болгон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Бангладеш Республиканын жарандары келишимдин негизинде иштеп жүрүшкөндүгүн билдиришкен. Аларга карата эч кандай зордук-зомбулук көрсөтпөгөндүгүн, коркутуп, урбагандыгын, алар өз ыктыярлары менен тигүү цехинде иштешип, жашап, ошол жерден тамак жасап жешкендигин, өз убагында иштеген жумушу боюнча айлык маяналарын алып жүрүшкөндүгүн билдиришкен.

Арызда каралган дооматтарды тактоо максатында Бангладеш жарандары тергөө кызматына алынып келип, денелеринде күч колдонуудан же башка нерседен алган жаракаттары бар же жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, котормочунун катышуусунда алар күбө катарында көрсөтмөлөрү алынган.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүнкү күндө Бангладеш 14 жаранына карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундулары даяр боло элек. Учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий