• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ бишкектик окуучулар арасында волейбол боюнча турнир өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май районунун №69 орто мектебинде 10-11-класстын окуучуларынын арасында волейбол боюнча турнир өткөрүштү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш дене тарбия жана спортту, сергек жашоо образын жайылтуу, ичкилик, баңгизаттарды жана башка зыяндуу заттарды колдонуу сыяктуу адаттарды жок кылуу үчүн өткөрүлдү.

"Мелдештин аягында байгелүү орундарды ээлеген командаларга Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте белектер тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий