• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ Борбордук аппараттын штаттык бирдиктеринин оптимизациясын жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Ички иштер министрлиги Борбордук аппараттын бирдиктеринин оптимизациясын жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин кадрлардын башкы башкармалыгынын башчысы Эмирбек Солтонгельдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, ИИМ облустардын ички иштер башкармалыктарынын, ИИМдин борбордук аппаратынын, штаттык санынын оптимизациясын жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө борбордук аппараттардан 625 штаттык бирдик аймактык бөлүктөрдү бекемдөө максатында берилген. Ошондой эле 34 жетекчилик кызмат кыскарган. Анын ичинен ИИМдин аппаратында – 20, облустун ИИБ, ИИББдеринде 14 кызмат орду.

“Милиция катарларында ыйгарым укуктуу аймактык милициянын 100 штаттык бирдиги, жашы жете электердин иши боюнча инспекторлордун 25 штаттык бирдиги, нөөмөт бөлүмүндө 45 штаттык бирдик пайда болду”, - деди Солтонгелдиев.

Пикир

Оставить комментарий