• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Быйыл “Бирдиктүү терезе” режиминде Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунун кошумча пункттары ачылат

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Быйыл “Бирдиктүү терезе” режиминде Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунун кошумча пункттары ачылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги тарабынан КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомун натыйжалуу ишке ашыруу, “Бирдиктүү терезе” негизинде лицензиялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында айрым облустарда Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылган.

2018-жылдын 29-октябрында Чүй облустук ИИББнын имаратында “Бирдиктүү терезе” негизинде иштөөчү МККБсы ачылган, ал жерде төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

-Жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу же соттолгон эместиги тууралуу маалымкаттарды берүү;
- Апостилдөө кызмат көрсөтүү;
- Кооптуу жүк ташыган транспорттук каражаттарды коштоо;
- Автоунаа каражаттарына коопту жүк ташууга уруксат берүү;
-Жарандык жана кызматтык курал алууга, коопту жардыруучу материалдарды жана пиротехникалык жасалгалоолорду алууга лицензия үчүн иш-кагаздарды берүү жана кабыл алуу.

Ошондой эле, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Каракол шаарларында ушундай “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборлору ачылган. Мындан тышкары, жакынкы арада республиканын аймагында ИИОнун “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген МККБ кошумча 20 пункту ачылат. 2020-жылдын 2-жарым жылдыгында Нарын облусунун Жумгал районунун ИИБда, Талас облусунун Талас райондук ИИБда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондук ИИБда, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Чоң-Алай райондук ИИБда, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы, Чаткал жана Тогуз-Торо райондук ИИБда 13 кошумча Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылат.

Азыркы учурда, “Бирдиктүү терезе” негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча 7 пункту (Ат-Башы, Тоң, Жети-Өгүз, Манас, Өзгөн, Сүлүктү, Таш-Көмүр) “Е-арыз” тутумуна кошулду.

Пикир

Оставить комментарий