• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Чүй облусунда коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 2 факты катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Чүй облусунда коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 2 факты катталганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, милиция кызматкерлери WhatsApp мессенджери аркылуу Ивановка айылында коронавирус жуктургандар ооруканага жеткирилүүдө деген жалган маалыматты тараткан аял кишинин өздүгүн тактады. Ал 27 жаштагы ооруканада тиш доктур болуп иштеген Н.Н., аттуу адам болуп чыккан.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан WhatsApp мессенджеринде Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында белгисиз адамдардын өздөрүн врач катары тааныштырып, коронавирустун шылтоосу менен үйлөргө кирип жаткандыгы тууралуу жалган маалымат таркаткан аялдын өздүгүн аныкталган. Ал Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын 40 жаштагы К.С., аттуу тургуну болуп чыккан.

Аталган фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 344-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат.

"Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий