• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунан курал, ок-дарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Чүй облусунун жашоочусунан курал, ок-дарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шаарда жашап жүргөн жаранды кармашкан.

Атайын операциянын жүрүшүндө Чүй облусунун жашоочусу 1980-жылы туулган Е.А. уттуу жаранга таандык номурлары өчүрүлгөн «Winchester» ок атуучу куралы, Макаров тапанчасынын 30 огу, Калашников автоматы, андан сырткары, РПГ гранатомету, РГД-5 кол гранатасы табылды.

Ыкчам-тергөө иш-чарасы куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан укукка каршы аракеттер жөнүндө ыкчам мүнөздөгү маалымат келип түшкөндөн кийин жүргүзүлө баштаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармоо иш-чарасы көчөдө жүргүзүлүп, шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда спорттук сумкасынан кесилген курал табылган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун айылдарына жакын жерден шектүүгө таандык жашыруун жайдан ок атуучу курал, ок-дарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды.

Табылып алынган куралдарга жана ок-дарыларга тиешелүү комплекстүү экспертизалар дайындалды. КРнын Жазык кодексинин 253-беренеси ("Куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча сотко чейинки өндүрүштү Биринчи Май райондук милициясынын Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий