• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Дайынсыз жоголгон балдар Москвадан табылды

Коом 0

Бишкек,10.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Атасы уурдап кеткен үч бала Москвадан табылды. Балдар энеси менен биргеликте Бишкекке келишкен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шектүүгө карата “Бейбаштык” беренеси боюнча боюнча кылмыш иши козголду, ал мурдагы жубайына кол көтөрчү.

Милициядан кабарлашкандай, кылмышка шектүү адам мурдагы жубайына эч нерсе айтпай туруп эле, кызын жана эки баласын документи жок, өлкөдөн алып чыгып кеткен. Октябрда ага карата издөө жарыяланган.

Эске сала кетсек, мурда үч баланын энеси Гүлзат Шарипова милицияга жана ЖМК өкүлдөрүнө кайрылып, балдардын уурдап кеткен адамды табууда жардам сураган.

Пикир

Оставить комментарий