• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: 9 айда диний-экстремисттик жана террористтик идеологияны тараткан 63 сайт аныкталган

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Диний-экстремисттик уюмдардын социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүнө каршы күрөш күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ социалдык тармактар аркылуу жаатташууга чейин жетип жаткан диний агрессияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп келүүдө.

"Бул жаатта мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык активисттер, коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда. Себеби, социалдык тармактардагы диний экстремизмдин алдын алууда бир эле ички иштер органдары эмес, бардык кызыктар тараптар менен биргеликте күрөш жүргүзүү өзүнүн жыйынтыгын берет деген ишеничтебиз жана практика жүзүндө көрүп жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, “Онлайн кайгуул” аттуу долбоор бар. Анын негизги максаты — интернет жана социалдык тармактардагы таратылып жаткан ар түрдүү диний экстремисттик мүнөздөгү материалдарга мониторинг кылуу жана аларга карата антипропагандалык материалдарды таратуу болуп саналат.

Жыл сайын бул долбоордун алкагында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан республиканын бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган жаш лидерлерге, өздөрүнүн аймактарында активдүү болгон жаштарга коомчулук арасында өзгөчө интернет жана социалдык тармактардагы таратылып жаткан экстремисттик материалдардын жана ар түрдүү азгыруулардын кантип алдын алуу жолдору жана Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана иделогиясы боюнча кеңири маалыматтар берилип, семинар-тренингдер жана жолугушуулар өткөрүлүп келүүдө.

Белгиленгендей, аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын бардык аймактарынан чакырылган 100дөн ашуун лидерлердин катышуусу менен 3 жолу чоң семинар-тренинг өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө бул катышуучулар менен 30-35 адамдан турган 4 вотсап тайпалары түзүлүп, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча 2021-жылдын 9 айында 76 видео ролик жана 261 материал коомчулукка таратылды.

Ошондой эле, мурда диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү, жактоочулары ошол уюмдардын идеологияларын түздөн-түз, баракчалар, китепчелер аркылуу жайылтып келишкен болсо, азыркы учурда алар да жаңы технологияларды, социалдык тармактарды кеңири колдонуу менен иш алып келишет. Ошого жараша ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында дагы аталган багыттагы адистер иш алып барышат. Бул багытта кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын курстар уюштурулуп, бейөкмөт уюмдар менен тыгыз байланышта семинар-тренингдер өтүп турат.

Маалымат иретинде белгилей кетсек, ушул жылдын 9 айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таркатуу жана пропагандалоо менен алектенген жалпы 63 сайт жана 20 аккаунт аныкталды. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусунун негизинде соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлду.

Пикир

Оставить комментарий