• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Добуш сатып алуу боюнча 6 факт катталды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Шайлоо башталгандан бери Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 15 факт катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 3 факт, Жалал-Абадда 5 факт, Ош облусу боюнча 3 факт жана Чүй облусу боюнча 4 факт катталган.

"Катталган фактылардын ичинде кылмыш жана жоруктар бар. Кылмыштар боюнча 9 иш: добуш сатып алуу боюнча 6 иш, шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу боюнча 3 факт. Жоруктар боюнча 6 иш майда бейбаштык боюнча катталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий