• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогулда айылдык кеңешке талапкердин аттестаты жасалма болуп чыкты

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешине талапкер 1978-жылы туулган Т.А.нын орто билим алгандыгы тууралуу аттестаты жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-мартында Токтогул районунун Торкен шайлоо округунун талапкерлеринин арызы боюнча, Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык кеңешинин отурумунун чечиминин негизинде, Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн 1962-жылы туулган А.Г., 1978-жылы туулган Т.А. жана 1977-жылы туулган Т.Ж.лардын аттестаттары менен дипломдору жасалма же жасалма эмес экендиги боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп берүү үчүн Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына кат келип түшкөн.

Токтогул РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 359-беренесинде (документтердин жасалмасы) кѳрсѳтүлгѳн кылмыштын курамынын белгилери менен катталып, тергөө башталган.

Тергөө учурунда, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын катынын негизинде, А.Г. БА № 200624524 сандуу орто билим алгандыгы тууралуу аттестат алгандыгы жана Т.Ж.Т Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик техникалык окуу жайын “Газоэлектросварщик, “С” категориясындагы айдоочу” кесиби боюнча окуунун толук курсун аяктап, диплом алгандыгы аныкталган.

Ал эми, Т.А. 1995-жылы Торкен айылындагы орто мектептен (азыркы учурда Торкен айылынын Т.Ашыралиев атындагы № 19 жалпы билим берүү орто мектеби) А № 082804 сандуу орто билимин тастыктаган аттестатты албагандыгы жана окубагандыгы аныкталган.

2021-жылдын 8-апрелинде Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссияга, жергиликтүү кеңешине депуттатыкка талапкер катарында ѳз талапкерлигин койгон Т.А. кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү үчүн кат жиберилип, уруксат алынган.

Ушул эле күнү, Т.А.га карата сыртынан КРнын Жазык кодексинин 359-беренесиин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен шектүү катарында билдирүү чыгарылган.

Учурда иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий