• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ экс-президент А.Атамбаевдин айткандары боюнча текшерүүнү баштады

Коом 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге берген маегинде билдиргендери боюнча текшерүүнү баштады.

Кеп КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын эсепчисин жана анын үй-бүлөсүн 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу чыгашалар жөнүндө документти жарыялоого байланыштуу коркутуулар жөнүндө болууда.

“ИИМ арыздануучу катардагы жаран болобу же жогорку мамлекеттик кызматта болгонбу, иш кыргызстандыктардын жеке коопсуздугу жөнүндө болуп жаткандан кийин бардык белгилерге реакция кылууга милдеттүү”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

КСДПнын штабынын бухгалтери КРнын аймагынан ушул жылдын 11-ноябрында, президенттик шайлоодогу чыгашалар тууралуу документ социалдык тармакка чыкканга чейин 4 күн мурда чыгып кеткендиги аныкталды.

Ошондой эле 18-ноябрда экс-президенттин сүйлөгөнүнүн анонсунан кийин анын уулу дагы өлкөдөн чыгып кеткен.

“Белгилей кетүүчү нерсе, ИИМдин жана башка укук коргоо органдарынын дарегине бүгүнкү күнгө чейин мындай арыз менен эч бир жаран кайрылган эмес. КСДПнын штабынын эсепчисин ИИМге ага карата болгон коркунучтар тууралуу маалыматты берүүсүн суранабыз. Эгер ал өлкөгө кайтып келсе, ага коопсуздукту камсыздап берүүгө жана объективдүү иликтөө жүргүзүүгө милдеттеме алабыз”, - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий