• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-февраль күнү «Shеraton» мейманканасынын конференциялар залында КР Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер менен талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган мыйзам долбоору коомдук талкулоого жарыяланган.

Тегерек столго ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башкармалык начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, бөлүм начальнигинин орун басары Самат Осмонов, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Иш-чараны Улан Бердибаев ачып, катышуучуларга мыйзам долбоорунун негизги максаттары - адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, КРнын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экендигин белгиледи. Бүгүнкү күндө дүйнөдө жана биздин республикада мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу терс таасир тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алгандыгын белгиледи.

Муну менен катар, акыркы жылдары мыйзамдарда, анын ичинен айрыкча Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана Жазык-аткаруу мыйзамдарында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, аталган мыйзамдын ченемдерин шайкеш келтирүү зарылдыгын жаратты. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын практикалык иш тажрыйбасы экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу бардык субъекттерди мыйзамдуу түрдө бекемдөө жана бул чөйрөдөгү алардын негизги компетенцияларын аныктоо зарылдыгын аныктады.

Андан кийин, Самат Осмонов аталган мыйзамынын долбоорун тааныштырып, мыйзам 2021-жылдын 5-майынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталган “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамындагы карама-каршылыктарды жана коллизияларды толуктоо максатында иштелип чыккандыгын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Бир дүйнө-Кыргызстан” жана “Медиа полиси институту” бейөкмөт уюмдары өзүнүн сунуштарын белгилеп, ой пикирлерин айтышты.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууда бйөкмөт уюмдардын жана эксперттердин сунуштарын эске алынаарын белгилеп, тараптар ой пикирлери менен алмашып, мыйзам чыгаруу жана практикалык чараларды, ошондой эле мындан аркы биргелешкен аракеттерди талкуулашты.

Жыйынтыгында эртең, 4-февралда жогоруда аталган мыйзам долбоорун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен талкуулоо боюнча ушул сыяктуу тегерек стол өткөрүлөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий