• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн КР жараны Москвада кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.18. /Кабар/. Россияда адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылы февралдын башында КР ИИМнин РФдагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши боюнча тергөөдөн жашырынып жүргөн Кыргызстандын жараны Москва шаарында жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Полиция кызматкерлери 28 жаштагы шектүүнүн өздүгүн жана жүргөн жерин аныкташкан.

Кармалган КР жараны Москванын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда аны мекенине жөнөтүү маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий