• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Европа биримдиги жана АКШ элчилиги менен кызматташуу долбоорун жыйынтыктады

Коом 0

Бишкек, 11.02.21 /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги Европа биримдиги жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен кызматташуу долбоорун жыйынтыктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-февралында Бишкек шаарында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов “EU-ACT” (Европа биримдигинин баңгизаттарга жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүү иш аракеттери) долбоорунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасында Европа биримдигинин элчичиси Эдуард Ауэр, долбоордун менеджери Косимо Ламберти Фосати жана Испания полиция кызматкерлери менен жолугушту. Анда кыргыз милициясынын кылмыштарды ачуусуна жардам берүүчү жабдуулар менен компоненттер берилди.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын октябрь айында ММИ кызматкерлери Мадрид шаарындагы Испаниянын улуттук полициясынын базасында “EU-ACT” долбоорунун бет ачарына катышкан.

Бет ачарда “Укук коргоо ишмердүүлүгүнүн ыкчам маалыматтар” модели сунушталган. Айтылган долбоордун алкагында милициянын аналитикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү.

Испания өлкөсүнүн полициясынын тажрыйбасы Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлерине кылмышты ачууда жана маалыматтарды бөлүшүүдө заманбап Европа өлкөлөрүндөгү ыкмаларды колдонууга жардам берет. “EU-ACT” долбоорунун өкүлдөрү акысыз негизде кайтарымсыз каржылык жардам беришти. Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдирип: “Биз сиздер тарабынан долбоордун негизинде ички иштер органдарына берилген жардамды жогорку деңгээлде баалайбыз. Биздин кызматташтык мамилебиз жогорку деңгээлде жана жемиштүү болгонуна ишенем. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз тарабынан мындан ары Европа биримдиги менен баардык тарапта тыгыз кызматташууга жана биздин өлкөдө жана дүйнөлүк коопсуздукту камсыз кылууда өз ара кызматташтыкка даяр экенибизди билдиребиз”,- деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий