• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ИИМ: Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза күчөтүлгөн

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. 2021-жылдын декабрь айынан баштап үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза күчөтүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү максатында 2021-жылдын октябрь айында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөн.

Аын негизги милдеттери – үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү болуп саналат.

Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 12 айындагы ички талдоосуна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 151 факты катталган. Бул аралыкта республиканын ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга карата 9 миң 38 убактылуу коргоо ордери, анын ичинен 8 миң 463 аялдарга, 264 жашы жете электерге берилген.

2021-жылдын 1-декабрынан баштап жаңы Кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кирген. Жаңы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин киргизилиши менен 70-беренеге (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) ылайык, укук бузуучуларга карата мажбурлоо жана таасир этүү чаралары күчөтүлгөн, анын ичинде 40 саатка коомдук жумуштарга тартуу жана үч күндөн жети күнгө чейин камакка алуу.

2022-жылдын 5 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 3 миң 988 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га аз. Бул мезгилде ички иштер органдары тарабынан жабырлануучуларга 3 миң 693 убактылуу коргоо ордери берилген.

Ведомстволор аралык аналитикалык отчетко ылайык, бул мезгилде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (“Үй-бүлөдөгү зомбулук”) боюнча 1 миң 392 протокол түзүлүп, алар боюнча сот тарабынан төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган: коомдук жумуштарга тартуу – 714, камакка алуу – 443, дагы 98 укук бузуулар боюнча протоколдор соттун кароосунда.

Бул мезгилде кылмыш ишин козгоо менен үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 187 факты катталып, анын ичинен 99 сотко жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий