• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнө 56 жыл болду

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери аскер бөлүктүн түзүлгөнүнүн 56 жылдыгын белгилешти. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ыдайык, салтанаттуу иш-чарага Ички аскрлеринин колбашчысынын орун басары-штабдын начальниги Марат Нуралиев, Республикалык жоокер энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, аскер бөлүктүн ардагерлери жана чакырылган меймандар катышты.

Салтанаттуу иш-чара Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу чыр-чатакта курман болгон аскер кызматкерлерин мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Андан соң аскер бөлүктүн өздүк курамын Марат Нуралиев куттуктап, бөлүктүн тарыхы – бул жан аябас эмгектин, өздүк курамдын кайраттуулугунун жана баатырдыгынын, Мекенинин чыныгы атуулдарынын жылнаамасы экенин белгиледи.

Салтанаттуу иш-чарада аскер бөлүктүн бир нече аскер кызматкерлери Ички аскерлердин колбашчысынын, аскер бөлүктүн командиринин жана биргелешип иштеген органдардын жетекчилеринин буйруктарынын негизинде медалдар, төш белгилер, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Соңунда өздүк курамга майрамдык концерт тартууланып, жоокерлерге майрамдык тамак уюштурулду.

Белгилей кетсек, 1980-жылы аскер бөлүктүн өздүк курамына Москва шаарында өткөн 22-Олимпиядалык оюндарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишеничи берилген.

Жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрүнүн негизинде аскер бөлүк СССРдин ИИМдин Ички аскерлеринин Аскердик Кеңешинин Туусу, СССРдин ВЛКСМдин Борбордук комитетинин Кызыл Туусу жана башка жогорку даражадагы сыйлыктар менен бир нече жолу сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий