• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин токтомуна кол койду, ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды.

Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын август айында республиканын Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатыла тургандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий