• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички аскерлердин колбашчысы Кытай жана Түркиянын аскерлеринин өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишек, 07.08.21. /Кабар/. 2021- жылдын 6-августунда ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо боюнча атташеси, улук полковник Джан Юн жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси, жандармериянын полковниги Угур Эвжим менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча жана ар бир тарапты кызыктырган башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар перспективдүү кызматташууларын мындар ары дагы кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп өтүштү.

Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий