• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Ички иликтөө кызматы «Азия Ньюс» гезитине чыккан маалыматтарды тактайт жана төгүндөйт

Коом 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 21-майында «Азия Ньюс» гезити жана интернет булактарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри “Кашкар Жунушалиевдин коомчулукка чыгарбай басып жаткан кыңыр иштери ачыкталабы” деген темада жарыяланган маалыматтар боюнча Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы төмөндөгүлөрдү тактоо иретинде билдирет.

Төмөндө Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тактоо иретинде тараткан маалыматты өзгөртүүсүз беребиз;

«Газетадагы жазылган маалыматтар боюнча тактоо ирээти менен берилет. Биринчиден, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын нөөмөт бөлүмүнө 2020-жылдын 18-февралында Ош облусунун ИИББнын ички иликтөөлөр кызматынын оперөкүлү Рустам Абдыкалыков дегендин арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган эмес жана аны текшерүү анчалык деле кыйынчылыкка турбайт. Эң кызыгы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматынын катарында милициянын подполковниги Рустам Абдыкалыков аттуу кызматкер иштебей тургандыгын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы тастыктады. Андай кызматкер ИИМдин курамында тап-такыр иштебегендиги да аныкталды. Демек, бул жалган маалымат болуп эсептеле тургандыгын белгилейбиз.

Ал эми ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери милициянын подполковниги Н.Керкибаев, ыкчам кызматкери милициянын майору Ж.Акпаров жана ыкчам кызматкери милициянын майору И.Асанов Кыргыз Республикасынын аймагында киргизилген “өзгөчө абал” учурунда коменданттык сааттын убагында кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан маалда ИИМдин буйруктарын одоно түрдө бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ошонун негизинде ички иштер органдарынан бошотулган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин атына Кыргыз Республикасынын Криминалдык милиция кызматынын мурдагы кызматкерлери Керкибаев Н., Асанов И. жана Акпаров Ж. наркология борборунда К.Өскөнбаев тарабынан мыйзамсыз тасмага тарткыла деген көрсөтмөсү боюнча мыйзам чегинде чара көрүлсүн деп кайрылган арыздары Башкы штабдын кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, 2020-жылдын 18-майында юридикалык баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилген.

Эми К.Өскөнбаевдин үйүндөгү жардыруу боюнча.

2009-жылы К.Өскөнбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясында кызмат өтөп жүргөн учурда, анын жашаган дарегине граната жардырылган, натыйжада анын келинчеги жана баласы денесинен жарат алган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28,97-берене менен 341-беренесинде (1997-жылдагы редакция, Адам өлтүрүүгө аракет жасоо жана бийлик өкүлүнүн өмүрүнө зордук зомбулук көрсөтүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында К.Өскөнбаев жабырлануучу катары өткөн. Тергөө учурунда кылмышка шектүү Е.К. кармалган жана анын тергөө учурунда эч кандай бизнесмен экендиги аныкталган эмес. Е.К. карата 4 адам өлтүрүү (97-берене) жана 1 адам өлтүрүүгө аракет жасоо (28,97-берене) фактылары менен айыбы угузулган жана соттук кароого жиберилген. Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту тарабынан Е.К. күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылсын деп өкүм чыгарган. Бул өкүм Бишкек шаарынын сотунда апелляциялык тартипте жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда көзөмөл тартибинде каралып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотунун өкүмү күчүндө калтырылгандыгын белгилейбиз.

Ал эми ИИМдин ИИКнын ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Ташбаев боюнча токтоло кетсек, анын үстүнөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан, 2016-жылдын 21-декабрында, кылмыш иши козголгон. Бирок, 2017-жылдын 14-мартында аталган жазык иши боюнча тергөө амалдарынын жыйынтыгында, К. Ташбаевдин кыймыл аракетинде кылмыштын белгилери жок деп табылып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча Тергөө кызматы тарабынан өндүрүштөн мыйзам чегинде кыскартылган.

Ал эми Бейшекеев Канат тууралуу токтоло кетсек. Ал ИИМдин Ички коопсуздук кызматында 2012-жылдан бери жөнөкөй эле катардагы опер кызматкери болуп кызмат өтөп келе жатат, ал эми ички иликтөөлөр кызматынын учурдагы орун басары К.Өскөнбаев аталган кызматка Канат Бейшекеевден эки жылдан кийин 2014-жылдан кийин келип иштей баштагандыгын да белгилейбиз. К. Бейшекеев “Дияр” ресторанында ырчы болгон эмес жана аны аталган кызматка алып көтөрмөлөп алып келишкен деген эч кандай чындыкка дал келбейт.

Дагы бир тактап кете турган жагдай. ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматына Ысык-Ата районунун тургуну И.Т. арыз менен кайрылып, анда 2019-жылдын 16-сентябрында Бишкек ШИИББнын Октябрь РИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрү 5000 доллар АКШ акча опузалап талап кылып жатышкандыгын билдирген. Аталган арыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине катталып, Жазык Кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 23-сентябрында Октябрь РИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери К.Э., Дж.Н., Т.Э. жана РИИБнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты П.А.. 1000 доллар менен Ахунбаева-Малдыбаева көчөлөрүнүн кесилишинде кармалышкан.

Жогорудагы окуя боюнча Октябрь РИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери милициянын капитаны К.Э. Биринчи Май райондук соту тарабынан соттолуп, 300 миң сом айып салынган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында берки үч кызматкерге карата кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш иши иштери кыскартылган. Ошондой эле газетада белгиленгендей ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери К.Бейшекеев, К. Ташпаев автоунаага 200 доллар таштай салган деген маалымат эч кандай чындыкка дал келбеген, атайылап жазылган бурмаланган маалымат экендигин тастыктайбыз.

Ал эми 2020-жылдын 30-апрелинде «Назар Ньюс» интернет булактарында «Жайыл районунун милиция кызматкерлери бири-бирине ок атышты» деген маалымат жарыяланган, анда 2020-жылдын 7-апрелине караган түнү Алексеевка айылында жайгашкан блок постто, Жайыл РИИБнын кызматкерлери мас болушуп бири-бирине ок атышты деп айтылган.

Бул окуя тууралуу Чүй ОИИББнын ички иликтөөлөр кызматы тарабынан териштирүү иш-чаралары аткарылып, топтолгон иш-кагаздарын юридикалык баа берүү үчүн Жайыл районунун прокуратурасына жиберилген.

2020-жылдын 4-майында Жайыл районунун прокуратурасы тарабынын аталган окуя Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 321-беренесинде (Бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына, сотко чейинки өндүрүш амалдарын аткаруу үчүн жиберилген жана тергөө жүрүп жатат.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын начальниги Т.Акматов, орун басары К.Өскөнбаев жана башка аты аталган ыкчам кызматкерлер менен өздүк курамдын арасында моралдык-психологиялык климат туруктуу. Ар бир кызматкер кызматтык милдеттерин жана коюлган тапшырмаларды мыйзам чегинде аткарууда. “Бөйрөктөн, шыйрак чыгарган” бул маалымат кыргыз милициясынын жогорку офицердик наамына, аброюбузга, кадыр-баркыбызга, ар-намысыбызга жана ишкердик беделибизге шек келтирип, такталбаган жана бурмаланган маалыматтарды газетага, интернет булактарына тарап, коомчулукка тескери маалыматтар “Азия news” жана бир катар интернет маалымат булактарында берилип жаткандыгына байланыштуу ИИМдин Ички иликтөө кызматы ачык жана так маалыматтарды билдирет. 2020-жылдын 21-майында «Азия Ньюс» гезити жана интернет булактарында жарыяланган маалыматтар эч кандай чындыкка дал келбей тургандыгын белгилейбиз. Ошол эле убакта айтып белгилеп кете турган нерсе милициянын катарынан ар кандай себептерден улам кызматтан кетишкен милициянын мурдагы кызматкерлери “жарма таарынычтарын”, жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп жалган маалыматтарды таратуу менен ИИМдин жалпы системасына шек келтирип жаткандыгы ИИМдин бардык кызматкерлерин өкүндүрөт.

«Азия Ньюс» гезитине жана маалымат булактарына жарыяланган негизсиз фактыларды төгүндөө керектигин, экинчи тараптын да пикирин жарыялоо мыйзам чегинде каралгандыгын белгилейбиз, ошол эле убакта системанын жана кызматкерлердин кадыр -баркына шек келип жаткандыгына байланыштуу укуктарыбызды коргоону жана келтирилген моралдык зыянды мыйзам чегинде өндүрүп алуу үчүн сот органдарына кайрылууга мажбур боло тургандыгыбызды да баса белгилейбиз,- деген ИИМдин Ички иликтөө кызматынын маалыматын коомчулукка жана басма сөз каражаттарына билдиребиз.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат жана улантып келүүдө.

Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда. ИИМди колу таза эместерден тазалоо ИИМдин жетекчилигинин эң негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Ички иликтөөлөр кызматы басма сөз каражаттарына милициянын ички тартиби жана ички иликтөөлөр кызматы тарабынан аткарылып жаткан бардык иштер боюнча ачык жана так маалымат берүүгө даяр экендигин белгилөө менен бирге жалган маалыматтарды таратуудан мурда бизге кайрылып так маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар экендигин баса белгилейбиз. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар байма- бай жарыяланып тургандыгы коомчулукка да маалым».

Пикир

Оставить комментарий