• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кара-Көл шаарында бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев облуста эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Кара-Көл шаарынын тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышууда.

Бүгүнкү жолугушуу учурунда Кара-Көл шаарынын тургундары коомдук тартиптин сакталышы жана жарандардын турмуш-шартына байланышкан маселелер боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Жалпысынан жыйындар залында 500дөй адам чолгулуп, негизинен ички жолдорду оңдоо, энергетика, ар кандай тактамаларды алууну жеңилдетүү, кадастр маселеси, Кара-Көл шаарынын генпланынын жоктугу, шаар тургундары каттоого тура алышпай жатышкандыгы, үйлөрүнүн техникалык паспортторунун жоктугу, ГЭСте иштегендердин айлык акысы төмөн экендиги, дарыгерлердин жетишсиздиги жана башка ушул сыяктуу турмуш тиричиликке байланышкан маселелерди айтышты.

Кара-Көл шаарынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Камчыбек Көлбаев шаардык милициясынын көчмө кабылдамасына жаңы автоунаа берүүнү суранды.

Өз кезегинде ички иштер министри Ниязбеков көчмө кабылдамага жаңы автоунаа бөлүп берүүнү убада кылды.

Ошондондой эле ал Кетмен-Төбө шаарчасына суу түтүктөрү тартылып, эски түтүктөрдү ошол фирма алып кетип калган факты боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий