• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ихсан” кооперативинен жабыркагандар кайда кайрылуусу керек? ИИМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги “Ихсан Групп ЛТД” турак-жай кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар кайда кайрылуу керектигин айтты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон сом зыян келтирилген.

Ички иштер министрлиги жарандарды кыраакы болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат.

"Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз "Ихсан" кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен болсо, токтоосуз түрдө Бишкек шаары, Фрунзе көч. 469 дарегине 0 312 26 64 05, 0 709 11 45 74 же 102 номерлери боюнча кайрылыңыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий