• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Индира Жолдубаева үй камагына алынды. Коррупцияга шектелүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Биринчи май райондук соттун чечими менен мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева үй камагына алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден белгилешкендей, А. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу менен байланышкан иш боюнча иликтөө иштери уланууда.

Анын алкагында 20 август күнү Индира Жолдубаевага, Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий