• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. КР ИИМдин "Интерпол" улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Интерполдун аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жакында КР ИММдин "Интерпол" улуттук борборунун бюросунун кызматкерлери жашы жете элекке карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга айыпталып, Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Ч.О., аттуу Түркиянын жараны кармалды.

Кармалган адам Кыргыз Республикасынын ЖПКнын негизинде процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Алынган маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш 2011-жылы жасалган. Интерполдун багыты боюнча шектүү 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Эл аралык издөөгө алган Түркиядагы "Интерпол" улуттук борборунун бюросуна маалымдама берилди. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын "Интерпол" улуттук борборунун бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголду эсептелип Түркия Республикасынын укук корго органдарынын кайрылуусу боюнча Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча издөөдө жүргөн 1958-жылы туулган Түркиянын Х.Ч., аттуу жараны кандай жүргөндүгү аныкталган. Болжолдуу маалымат боюнча Х.Ч., Кыргызстанга 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап келген", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

ИИМден кошумчалашкандай, издөөгө алган тарап маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий