• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Ири көлөмдө баңгизатын сатуу жолуна бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери тарабынан ири көлөмдө героин баңгизатын сатуу жолун аныктоого жана ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсү кармалды. Андан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 47 граммды түзгөн героин алынган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий