• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы үчүн издөөдө жүргөн Болгариянын жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. КР ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармашты.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 4-мартында ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу Бишкек ШИИББдин МККБнын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1970-жылы туулган К.Г. аттуу жаранды кармашкан.

Кармалган адам Болгариянын жараны болот. Өз өлкөсүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы, салыкты төлөөдөн качуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

Алынган маалымат боюнча, кылмыш иши 2010-жылы жасалган. Бирок укук коргоо органдары 2018-жылы ага издөө жарыялашкан. Азыркы учурда эл аралык издөөгө алган тарап Софиядагы Интерпол Улуттук борбордук бюросу (Болгария) кабарланды.

Маалым болгондой, кармалган жаран Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жашырынып жүргөн жана жергиликтүү тургунга үйлөнүүгө дагы үлгүргөн.

ИИМден кошумчалашкандай, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратуранын ыйгарымына кирет.

Пикир

Оставить комментарий