• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Исфанада депутат героин менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Баткен облусунун Исфана шаарында шаардык кеңештин депутаты героин менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-июнда Исфана шаарында 55 жаштагы У.М., аттуу шаардык кеңештин депутаты кармалган.

Тинтүүнүн жыйынтыгында көмүр сактоочу жайдан жалпы салмагы 960 грамм болгон героин табылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий