• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Ишкерден опузалап 200 миң сом алып жаткан УКТ мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Сентябрь айында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине ишкердик кылган жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, иликтөөнүн жүрүшүндө өздөрүн кылмыштуу топтун өкүлдөрү катары тааныштырган адамдар Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү менен 50 миң доллар акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөнү аныкталган. Мындан тышкары, алар ишкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, коркутуп келишкен.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо максатында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп баштаган.

"Ошентип, кечээ Бишкек шаары боюнча ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ишкерден опузалап акча талап кылып жаткандарды 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармашты", - деп айтылат маалыматта.

Алар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Кармалгандардын бирөөсү мурда сот жообуна тартылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий