• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: "Издөө" операциясынын жүрүшүндө 120 кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Ички иштер министрлиги республиканын аймагында "Издөө" операциясын жүргүзүп, 120 кылмыштын бети ачылды.

Министрликтен билдиришкендей, операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары укукка каршы аракеттерди жасап, анын ичинен оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 92 адамды кармашты.

Адам өлтүрүү үчүн кол салуу - 1, карактоо - 1, тоноо - 1 жана башка кылмыштарды жасашкан – 46, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары издөөгө алган - 2, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн - 1 адам кармалды.

Республика боюнча жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу операциясынын натыйжасында 121 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен киши өлтүрүү - 1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү - 3, зордуктоо - 2, тоноо - 2, уурдоо - 40, алдамчылык - 35, ээнбаштык - 9, автомототранспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу - 1 жана башка кылмыштар - 25 адам колго түштү.

Андан сырткары, "Издөө" операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарга тиешелүү – 2 факты, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо - 2 факты аныкталды. Дайынсыз жоголгон 21 адамдын кайда жүргөндүгү, өздүгү такталбаган 6 өлүктүн өздүгү такталды.

Пикир

Оставить комментарий