• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Дүйшебаеванын иши: АКШда кармалган Саляновду экстрадициялоо маселеси чечилүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин бүгүнкү маалымат жыйынында журналисттер Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча маселени козгоп, ага министрдин орун басары Мирлан Каниметов жооп берди.

Белгилей кетсек, бул кылмыш иши 2014-жылдан бери ачылбай келет. Камила Дүйшебаева киши колдуу болуп өлтүрүлүп, анын денеси ал жоголгондон бир жумадан кийин Чүй облусунун аймагында табылган.

Мындан мурдараак айтылып келгендей, АКШда миграция мыйзамдарын бузган жаран кармалган. Анын аты Калыбек Салянов экени, ал иликтөөгө тоскоол болгону үчүн издөөгө алынганы айтылган.

"Аны экстрадициялоо маселеси чечилүүдө. Тергөөгө эч кандай басым болгон жок", - деди министрдин орун басары.

Мурда ММКда Дүйшебаеванын жазган арызынын негизинде зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери жазага тартылгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Маалым болгондой, анын өлүмүнүн алдында алар эркиндикке чыгышкан. Каниметов бул маалыматты текшерип көрө тургандыктарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий