• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: “Капитал+” ЖЧКнын башкы директору VIP-шаарчадагы “Идеал-Хаусту” сатуу иши боюнча кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. “Капитал+” ЖЧКнын башкы директору С.Дибров Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына жакын жайгашкан VIP-шаарчадагы “Идеал-Хаусту” сатуу иши боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-апрель күнү Дибров кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, жакында, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 307-беренесинде (Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыш иштерине шектүү катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Казаков Болсунбек Күмүшбекович кармалган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Б. Казаков карата Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алуу чарасы көрүлдү. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен ага карата дагы бир кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасынын орун басары Б. Мураталиев кармалды. Ага дагы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 307-беренеси (Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

2018-жылдын 12-апрель күнү ММБФнын мурдагы орун басары Б. Мураталиев убактылуу кармоочу жайга камалган эле.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы орун басары Б. мураталиевге карата Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаарындагы №50 тергөө абагына камакка алуу чарасы көрүлдү. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен ага карата дагы бир кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий