• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Кара-Суу районунда 16 жаштагы Айдай изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда 5-октябрдан бери 16 жаштагы Айдай Кушбак кызы изделүүдө. Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын тургуну Айдай Ош шаарындагы салондордун биринде иштеген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал 5-октябрда адаттагыдай эле өзүнүн жумушуна кеткен. Жумушу бүткөн соң салондон чыгып кеткен боюнча аны эч ким көргөн эмес.

Айдай 9-классты аяктаган соң иштей баштаган..

Анын туугандары Айдайды издөөгө жардам сурашат. Байланыш үчүн телефондор: 0559551639 (агасы Айбек Балтабаев) же “102” кызматына милицияга байланышка чыксаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий