• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: “Караколдун 19 жаштагы жашоочусу өз эрки менен травматикалык мылтыгын милицияга тапшырды”

Укук тартиби 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Караколдун 19 жаштагы жашоочусу өз эрки менен травматилкалык мылтыгын милиция тапшырды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 14-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан үйлөрдүн бирине санкцияланган тинтүү жүргүзүлгөн. Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жергиликтүү жашоочу – 39 жаштагы А.А.дан эки аңчылык мылтык жана оптикалык мээлегич табылган.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жергиликтүү жашоочу 19 жаштагы Э.С. ИИОнун аймактык ыкчам кызматкерлерине кайрылып, таап алган “МР-654” үлгүсүндөгү травматикалык мылтыкты өз эрки менен тапшырган.

Учурда курал аймактык ИИОнун уруксат кылынган иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тиешелүү текшерүү жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий