• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: “Кароосуз калган” иш-чарасынын жүрүшүндө 42 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-мартынан 17-мартына чейин республиканын аймагында жүргүзүлгөн "Кароосуз калган" профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө жашы жете элек 42 өспүрүм КР Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жакшы жете электердин арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборуна (ЖУАБ) жеткирилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеткирилгендердин ичинен: эркек балдар - 36, кыздар - 6, ар кандай билим берүү мекемелеринде окугандар - 37, 9-классты аяктагандар - 5, кайталап жеткирилгендер - 2.

Балдарды ИИМдин Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунда багуу жана кароо учурунда ЖУАБдын кызматкерлери тарабынан балдардын өздүгүн, жашоо-шарттарын аныктоо, үй-бүлөдөн жана билим берүү мекемелеринен уруксатсыз чыгып кетүү себептерин тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын жүрүм-турумундагы кемчиликтерди четтетүү жана окууга болгон умтулуусун арттыруу боюнча тиешелүү иштер аткарылат.

ИИМдин Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун психологу турмуштук оор кырдаалда калган балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча иш алып барат; ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелерди орнотууга, чыр-чатактарды чечүүгө, эмоционалдык абалды жакшыртууга жардам көрсөтөт.

Жүргүзүлгөн профилактикалык жана тарбиялык иштерден кийин жашы жете электер ата-энелерине жана аларды алмаштырган адамдарга өткөрүлүп берилет.

Азыркы учурда ИИОго, балдар иштери боюнча комиссиясына, социалдык өнүгүү башкармалыктарына жана билим берүү бөлүмдөрүндө жеткирилген жашы жете электердин арасындагы көзөмөлсүздүктү жана укук бузуулардын себептерин жоюу боюнча сунуштар менен маалыматтар даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий