• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ: "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ билдиргендей, 24-май күнү Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ИИБнин тергөө кызматы менен биргеликте Кылмыш кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу") боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-аракеттери аткарылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде милиция кызматкерлери, "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун жаштар канатынын лидери болгон Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 29 жаштагы М.у.Т. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Шектелүүчүнүн үйүн тинтүүдө 4 уюлдук телефон, кол жазмалар, дисктер, ок атуучу куралдын бөлүктөрү жан ок-дары табылган.

Ошол эле күнү, ал жаран Бишкек шаарына жеткирилип, тергөө органдары тарабынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий