• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кочкор районунда коронавирустун алдын алуу максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун аймагында коронавирустун алдын алуу максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, райондун аймагында коронавирустун алдын алуу максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлүп, айылдар арасында жалпы өткөрүү тобу уюштурулган.

"Райондун борборуна авто патруль, жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен РИИБдин кызматкерлери көчөлөрдө автоунаалардын максатсыз айдоолорун азайтуу, жүрүү убактыларын чектөө боюнча иштерди алып барышууда. Ошондой эле жугуштуу оорунун алдын алуу максатында жарандарга зарыл учурда гана көчөгө чыгышын, топтошуп чогулбоосун, аралыкты сактоо, беткапсыз көчөгө чыкпоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Кочкор районунун аймагындагы Сары-Чат карантиндик-санитардык постунда милиция кызматкерлери, медицина кызматкерлери, ӨКМ, ветеринардык кызматы, санитардык эпидемиологиялык кызматы, райондук мамлекеттик администрациядан жана элдик кошуундан болуп иш алып барышууда.

Облустук милициянын өздүк курамы бүгүнкү күндө толугу менен күчөтүлгөн тартипте күнү- түнү кызмат кылууда.

Пикир

Оставить комментарий