• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Коменданттык саат учурунда тартип бузган 155 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. 30-марттан саат 20:00дөн тартып 31-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 155 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен: • Бишкек шаары боюнча - 137, • Ош шаары боюнча - 5, • Жалал-Абад шаары - 9, • Кара-Суу районунда - 4 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилген. Ал эми Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

"Кармалгандардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди". - деп билдиришти ИИМден.

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, алты күндүн ичинде жалпысынан өлкө аймагында 1242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий