• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Коменданттык саат учурунда тартип бузган 92 адам кармалды

Коом 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. 7-апрель саат 20:00дөн тартып 8-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 92 жаран кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен:

• Бишкек шаары боюнча - 58,
• Ош шаары боюнча - 5,
• Жалал-Абад шаары - 12,
• Сузак районунда - 15,
• Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

ИИМден кабарлашкандай, жалпысынан өзгөчө абал киргизилген күндөн тартып, тактап айтканда, 25-марттан бери 2101 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий