• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Коменданттык сааттын шартын бузган 110 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Түндө коменданттык сааттын (21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин) шартын бузган 110 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары – 92, Ош шаары – 9, Жалал-Абад шаары –3, Ат-Башы району – 6 жаран кармалып, ички иштер орган бөлүмдөрүнө жеткирилген.

"Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4165 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Ошондой эле 25-марттан баштап ушул күнгө чейин коменданттык саатт ы бузгандыгы үчүн 336 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Эске сала кетсек, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий