• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ИИМ: Коменданттык сааттын шартын бузган 241 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. 26-марттан саат 20:00дөн тартып 27-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 241 жаран кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

"Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын шартын бузган жалпы 241 жаран кармалып, 12 автоунаа токтотулган. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 146 адам, Ош шаары боюнча - 22 жаран, Жалал-Абад шаары - 24 адам, Сузак району боюнча - 29, Кара-Суу районунда- 20, ал эми Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди". - деп билдиришти ИИМден.

Билдирүүгө ылайык, жалпысынна эки күндүн ичинде (25-26-март) өлкө аймагында 561 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалган.

"“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий