• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ Коомдук кеңешинин төрагасы: Милиция кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу туура эмес

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов милиция кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу туура эмес деп эсептейт.

"Жакында, КР Социалдык фонду жеңилдик берилген пенсионерлердин айрым категориясын кыскартууну сунуштады. Анда убактысынан мурда пенсияга чыгууну (анын ичинде аскер кызматкерлер, көп жылдык иш тажрыйбасы бар жарандар, алыскы тоолуу аймактарда жашаган жарандар, алыскы тоолуу аймактарда жашаган аялдар дагы бар) жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жаткандыгын билдиришкен. Бул жосунсуз жоруктар адамдардын нааразычылыктарын жарата тургандыгын көптөр айтууда. Анткени аскер кызматкерлеринин категориясына ички иштер органдары дагы киргендиктен пенсиядагы өзгөрүүлөр орду толгус зыянга учурап, бул жагдай нааразычылыктарды күчөтүп, өлкөдөгү криминогендик абалды начарлатат", - дейт ал.

"Бул боюнча Россиянын полициясын мисал катары келтиргим келет. Россия Федерациясынын ИИМнин өздүк курамы акыркы эки жылда минимумга чейин кыскарган. 2018-жылы Россия полициясынын кызматкерлери кызмат өтөө жылдары боюнча массалык түрдө кызматынан кетишкен – алар пенсияга чыгарда кызмат өтөөнүн жылы жогорулап кетүүлөрүнөн чочулашкан. Бул Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын "Коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү" мамлекеттик программанын долбоорунун корутундусунда баса белгиленген", - дейт Даутов.

Анын айтымында, Россияда полиция кызматкерлеринин айлык маянасы кыргыз милиция кызматкерлеринин айлыгына караганда – жаңы жылдан кийин 40% жогорулагандан кийин дагы – 2-3 эсе жогору болгонуна карабастан жогорудагы көрүнүштүн болгонун белгилеп кетүү керек.

"Жогорудагылардын негизинде пенсияга чыгуунун курагын жана кызмат өтөөнүн иш тажрыйбасын көтөрүп, жарандык жумушчуларга теңөө менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумуна сокку урат жана айлык маянаны жогорулатуунун натыйжалуулугу жокко эсе болот деп жыйынтык чыгарсак болот", - дейт ал.

Даутовдун пикири боюнча, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке кароого түшкөн күндөн баштап кызмат өтөгөнүнө 20 жыл толгон ИИОнун кызматкерлери массалык түрдө кызматынан бошоп, пенсияга кетет.

"Бул көрүнүш тажрыйбалуу кызматкерлердин кетишине, массалык түрдө пенсияга кетип жаткан кызматкерлердин бир жолку жөлөк пулун төлөөгө байланышкан бюджеттик чыгымдардын көтөрүлүүсүнө алып келет. Мындай жөлөк пулдун көлөмү кызмат өтөө жылдарынан, 10 айдан 20 айлык окладдан көз каранды болорун эске салгым келет.

Эгерде милиция кызматкерлеринин арасында сурамжылоо жүргүзсөк, ИИМдин кызматкерлеринин 90 пайызы аларды кызматында кармап жаткан нерсе, бул кызмат өтөөлөрүнө 20 жыл толгондон кийин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга кепилденген укуктары бар экендигин айтышат", - деп белгилейт ал.

Ал белгилегендей, ИИМдин тутумунда иштөө өтө оор экендигин бардыгы билишет. ИИОнун кызматкерлеринде жумуш күнү так эмес, ишке күнү-түнү дебей чакырып алышат.

"Чындыгында милиция кызматкерлери татыктуу эмгек өргүүсүндө толук эс албайт, анткени милиция кызматкеринин иши оор, өлкөдөгү коомдук кырдаалга жараша жетекчилик кызматкерге эмгек өргүүсүнө чыгарып, толук эс алууга жөнөтө албайт. Ал эми, ИИОнун өз алдынча түзүмдөрүнүн жетекчилери, мисалга алсак ИИББдин, ИИБдин, РИИБдин башчылары толук кандуу эмгек өргүүсүнө чыгуу жөнүндө кыялдануудан башка аргалары жок", - дейт Даутов.

Анын айтымында, ИИОнун кызматкерлери майрам күндөрү дагы эс алышпайт, ал күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Ошол эле учурда ИИОнун көптөгөн түзүмдөрүнүн кызматкерлери, кайгуул кызматы, нөөмөт бөлүгү, күзөт кызматы толук кандуу эс алышпастан, түнү бою нөмөөттө болушат. Жумушунан сырткары дагы иштөөлөрүнө бюджеттен кошумча акы каралган эмес.

"Алты күндүк иш – милиция кызматкерлери үчүн көнүмүш адат, жекшемби күнү эс алууга мүмкүндүк болуп калса бул алар үчүн чоң ийгилик болуп саналат. Мисалга алсак, бүгүнкү күнү ИИОнун тергөө кызматынын кызматкерлеринде бир убакта 300 кылмыш иши бар, ал эми сотко чейинки алгачкы ыйгарымдуу өкүлдөрүндө мындан эки эсе көп", - деп белгилейт ал.

Анын пикири боюнча, мыйзамды иштеп чыгууда дагы ИИОнун кызматкерлери иштеп жаткан ашыкча оорчулукту жана өзгөчө психологиялык шарттарды дагы эске алуу керек. Ыкчам кызматтардын кызматкерлерин кылмыштын бетин ачуу үчүн түндө дагы чакырылат, кылмышкерлерди кармоону жүргүзөт, аталган кызматтардын кызматкерлери түнү бою үйлөрүндө болбойт. Бул контингенттеги кызматкерлерге ар убак психологиялык басым болуп турат – бир тараптан кылмыш ишин ыкчам бетин ачуу жана иликтөөнү талап кылган ИИОнун жетекчилиги болсо, экинчи тарапта –жабырлануучулар, арыздануучулар жана шектүүлөрдүн, айыпкерлердин "жактоочу кишилери".

"Биздин коомдо милиция кызматкерлери күнүнө кызматында кандай деген психологиялык "жаракаттарды" алып жаткандыгы эч кимди кызыктырбайт. Адамдар болсо, ИИОнун кызматкерлери орой, убагында кылмыштардын бетин ачышпайт, иликтебейт деп сындап, таң кала беришет. Бирок, ар бир милиция кызматкери аны кылмышкерди кармоо учурунда өлтүрүп кетишин, массалык баш аламандыкта каза болушун, майып болуп калышын билет, бир сөз менен айтканда кызматкер өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтар бар экендигин жүрөгү менен сезип, билип, туюп турат", - дейт Даутов.

"Статистикадан кичине мисал келтирсем – жылдан жылга милиция кызматкерлеринин арасында катталган оорулардын саны өсүүдө – 2015 жылы – 47, 7 пайыз (1 миң кызматкерге), 2016 жылы – 55,5 пайыз, ал эми 2017 жылы – 56,4 пайыз болгон. 2017-жылы жүргүзүлгөн психологиялык изилдөөгө ылайык 28,2 пайыз кызматкерде нервдик-психологиялык туруксуздук аныкталган. 35 жашка чейинки курактагылар тобунда баш мээнин чайкалышы жана анын кесепети, ашказандагы жара, 12 эли ичегидеги оорулар, заара өткөрүүчү тутумдагы оорулардын болгондугун дарыгерлер аныкташкан. 40 жаштагылар менен андан жогорудагылардын 40 пайызында жүрөк-кан тамыр оруулары, гипертония, кант диабети, сөөк муундарынын оорулары кездешкендиги байкалган. Негизинен жогорудагы оорулардын пайда болушуна туруксуз иш күндөрү, стресс, коркунучтар, моралдык-психологиялык шарттар, кызматынын өзгөчөлүгү, оорлугу себеп болууда. Аскердик-дарыгердик комиссиянын маалыматы боюнча акыркы 3 жыл ичинде Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагы боюнча ички иштер органдарынан ден соолугунун абалына байланыштуу 111 адам кызматынан кеткен. Ал катардагы жана жетектөөчүлүк курамдагылардын санынан 4,9 пайызын түзгөн", - деп белгилейт ал.

Анын айтымында, азыркы мыйзамда кызмат өтөөнүн убактысы 20 жыл болуш керек. Бирок ал нерсе бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери 20 жыл тажрыйба топтогондон кийин милдеттүү түрдө пенсияга кетиш үчүн кызматынан кетүү керек экенин билдирбейт. Көптөгөн кызматкерлер 50-55 жашка чейин кызматын өтөп жатышат. 20 жылдык тажрыйбасы менен кызматкерлердин 25 пайызы гана пенсияга кетишүүдө (саламаттыгына, үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу). "20 жыл" деп бекитилген сан кызматкерге кызмат өтөөсүнө 20 жыл толгон убактан баштап шартка жараша пенсияга чыгып кетүүгө укугу бар экендигин гана билдирет.

"Кызмат өтөөнү 30 жылга көтөрүү – ар дайым чыңалуу менен стресске алып келген шарттарды, өмүрүнө жана ден соолугунда жаралган тобокелчиликтерди, физикалык чыдамкайлыкты талап кылган кызмат өтөөнүн спецификалык өзгөчөлүктөрүн эске алып, тиешелүү медициналык жана илимий изилдөөлөргө таянып, далилдүү болушу керек", - деп белгилейт Даутов.

Пикир

Оставить комментарий