• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Коомдук коопсуздук кызматынын борборуна жылына 1200дөн ашуун өспүрүм жеткирилет

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна (ЖУАБ) жылына 1200дөн ашуун өспүрүм жеткирилет. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар негизинен адашкан, үйдөн жана балдар мекемелеринен ɵз алдынча кетип калган, издɵɵдɵ жүргɵн жана ата-энелери же аларды алмаштырган адамдары жок, мамлекеттин жардамына муктаж болгон 3төн 18 жашка чейинки балдар.

ЖУАБ ɵз ишмердүүлүгүн КР ички иштер органдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана КМШнын компетенттүү органдары менен тыгыз кызматташуу аркылуу жүргүзөт.

Жашы жете электерди туруктуу жашаган жерине кайтаруу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жɵнүндɵ макулдашууга ылайык (2002-жылдын 7-октябрында Кишинёв шаарында кол коюлган) ЖУАБ Кыргыз Республикасында КМШ ɵлкɵлɵрүнɵн жашы жете электерди кабыл алып, коштоп жүрүүчү жалгыз транзиттик борбор болуп саналат.

Жашы жете электердин ɵздүгүн, ата-энелердин жашаган жерин тактоо, ошондой эле мамлекеттик чек аралардан ɵтүүдɵ талап кылынуучу документтерди аныктоо максатында, ЖУАБ Россия Федерациясынын Москва жана Санкт-Петербург шаарлары боюнча ИИМдин башкы башкармалыгынын “Укук бузууларды жасаган жашы жете электер үчүн убактылуу борбору”, Казакстан Республикасындагы Билим берүү башкармалыгынын “Балдарды адаптациялоо борбору” жана Өзбекстан Республикасынын ИИМнин “Жашы жете электерге социалдык-укуктук жардам кɵрсɵтүү борбору” сыяктуу транзиттик борборлор менен тыгыз байланышта болуп келүүдө. ЖУАБнын кызматкерлери КМШнын компетентүү органдары менен тажрыйба алмашып, бул чөйрөгө тиешелүү болгон окуу жана усулдук адабияттар, ченемдик актылар менен таанышып турушат.

2021-жылдын 11 айында КМШ аймагында ата-энеси же аларды алмаштырган адамдары жок жүргɵн КРнын жарандары - 16 жашы жете элек ЖУАБка жеткирилишкен. Алардын ичинен үчөө кыз, ал эми 13ү эркек балдар. ЖУАБтын кызматкерлери Казакстанга иш сапары менен барып, 2 жашы жете электи туруктуу жашаган жерине кайтарып алып келишкен, ал эми калган 14 жашы жете электер Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан кайтарылган.

Кайтарылган жашы жете электер менен алардын жашоо-шартын, үй-бүлɵдɵгү тарбиясы жана башка мамлекеттин аймагында болуунун себептерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, аларга келген ата-энелерине же аларды алмаштырган мыйзамдүү ɵкүлдɵрүнɵ тапшырылып берилишти.

Пикир

Оставить комментарий