• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Кореяга виза ачууга көмөк берем деп жарандарды алдап акча алган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. милиция кызматкерлери ишенчээк жарандарды алдап, Түштүк Кореяга виза ачууга жардам берүүнү убада кылган адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү жарандардын ири акча каражаттарын алган. Бирок так сумма көрсөтүлгөн эмес.

Бул факт боюнча “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам СИЗО-1 киргизилди.

Милиционерлер кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экенин текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий