• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: КРдан Түркияга УКТнын бир да лидери жана мүчөсү барган эмес

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймагынан Түркияга уюшкан кылмыштуу топтун бир да мүчөсү жана лидери чыккан эмес. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында Борбордук Азиядан жана Кавказдан кримавторитеттердин жыйыны өткөнү, ага Кыргызстандын криминалдык чөйрөсүнүн субъектилери катышканы тууралуу маалымат жарыяланган. ИИМдин криминалдык милиция кызматы КРнын аймагынан Түркияга УКТнын эч бир мүчөсү чыкпаганын билдирди.

“ИИМдин криминалдык милиция кызматы дайыма уюшкан кылмыштуу топтун субъектилеринин ишмердүүлүгүн аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий