• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Курал колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулук көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү, кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жакында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери куралды мыйзамсыз алуу, колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты.

Ошондой эле алар коомдук тартипти камсыздоо милдетин аткарып жаткан бийликтин өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө байланышкан ээнбаштыкка шектелүүдө.

Эки криминалдык топтун мүчөлөрү бири-бири менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында ушул жылдын октябрь айында ок атышуу менен чыр
чыгарышкан.

"Бул окуя боюнча айрым маалыматтык агенттиктерде 8-октябрь күнү Сузак районунда кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн арасында ок атышуу менен коштолгон чыр-чатак чыккандыгы маалымдалган. Окуя тууралуу маалымат милицияга түшүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкендиги дагы айтылган. Мындай көрүнүш ушул жылдын август айында дагы катталгандыгы маалым болгон", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 4 ээнбаштык фактысы менен куралды мыйзамсыз алып жүрүү фактысы катталып, Сузак РИИБи сотко
чейинки өндүрүштү баштаган.

Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча, кылмыштуу топтордун ортосундагы чыр-чатак бири-бирине болгон пикир келишпестиктен чыккан. ИИМ КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча эки топтун мүчөлөрүнүн бири ири УКТнын мүчөсү катары, ал эми экинчиси башка кылмыштуу топко тиешеси бардыгы тууралуу ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

2020-жылдын 27-октябрь күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы ИИМдин Тергөө кызматынын (Ош шаары) тергөөчүлөрү менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБдин атайын операциялар отрядынын колдоосу менен коомго каршы аракеттерди жасоого шектелген бир нече жарандарды кармоо боюнча
атайын операцияны жүргүзүштү.

Ыкчам-иш-чаралардын жүрүшүндө эки кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалды. Алардын төртөө бир кылмыштуу топтун, ал эми экөө башка кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, алар;

-1983-жылы туулган М.М., Жалал-Абад облусунун жашоочусу;
-1984-жылы туулган Т.М., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат;
-1983-жылы туулган Б.Т., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
-1974-жылы туулган Т.М., УКТ активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат;

-1990-жылы туулган С.М., кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат;
-1989-жылы туулган Т.Р., кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Кармалгандардын бардыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары болушат.

ИИМден кошумчалашкандай, учурда жогорудагы фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий